Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат К.Бокоев: “2022 – жылдан тартып суунун наркы аныкталып, сатылат”

16-09-2021
12:25

Быйылкыдай суу тартыштыгы болгон эмес. Киров жана Орто – Токой суу сактагычтарындагы суулардын көлөмү август айында, же сугат маалы аяктай электе эле төмөнкү чекке түшүп кетти. Эң биринчи жергиликтүү калктын муктаждыгын жаап, анан андан ашса гана экспорт маселесин ойлонуу керек, - дейт депутат Кенжебек Бокоев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошондой эле депутат, - “Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 1983 – жылдагы келишимге таянып берилген суулар кайра каралып чыгууга тийиш. Суу товар катары таанылууга убакыт эбак эле жеткен”, - дейт.

“Быйылкы суу жетишпегендиктин айынан буудайлар ойдогудай бой көтөрбөй, болжогондой түшүм бербей калды. Бул абалдан чыгууда бир гана суу запасын күтүп отура бербей, үрөндүн жаңы сортторун карап, сугаруунун тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы ыкмаларын өздөштүрүү зарыл. Скважиналарды кайрадан калыбына келтирүү кажет. Буга бюджеттен каражат каралууга тийиш. Жалпысынан алганда, суу негизинен товар катары мыйзамда көрсөтүлгөн. Андыктан, 2022 – жылдан тартып суунун наркы аныкталып, сатылат”, - деп кошумчалады эл өкүлү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы