Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат К.Бокоев: "Койдун “Арашан” породасынын көргөзмөсү өтөт"

17-09-2021
13:28

Башта мал баккандар үй жандыктарына, - деп алган арпа, жемдин баасы 8 сомдон болсо, соңку кездери 23 – 25 сомго чейин өсүп кетти. Мындай абалды көргөн ишкерлер вагон – вагондоп Россиядан гранул түрүндөгү жем азыктарын ташып келүүдө. Алардын наркы бир аз арзан, 22 сомдун тегерегинде. Бул тууралуу маалыматтар менен тааныштырып, Жогорку Кеңеш депутаты Кенжебек Бокоев “Парламент” радиосунда болду.

Мал чарбасында бир гана жайыттарды колдоно бербестен, интенсивдүү ыкмаларды ишке ашыруу керек, - деген эл өкүлү бул багыттагы мисалдарга кайрылды.

Атап айтканда, 10 – 15 литрге чейинки 4- 5 уй кармаганга караганда, сүттүүлүгү жогору 1 – 2 уй баккан жакшы. Бул малдын породасын жакшыртуу, - деген түшүнүк, - дейт депутат.

Кой, жылкыларды деле породасына карап баккан пайдалуу, - деген К.Бокоев, - “Бул багытта кыргыз фермерлеринин сүйүнчүлөй турган жаңы “Арашан” породасындагы кою катталып – каттала электе чет элдик кардарлардын көңүлүн бурууда. Анын баасы 10 миңден – 30 миң долларга чейин турат. Салмагы, бой – туурасы жагынан да койдун алдыңкы түрү катары таанылууда. Бул мал чарбасындагы эң мыкты жетишкендик. 18 – сентябрь күнү Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Ат – Башы айыл өкмөтүндө (Кара – Балта шаарына жакын аймакта) “Арашан” кой породасынын көргөзмөсү өтөт. Малдын бул түрүн каттоодон өткөрүү үчүн 5200 баш кой такталыш керек болду. Бул багытта кой өстүрүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлүп, патенттөө иштери жолго коюлууда”, - деп билдирди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы