Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Өзгөн шаарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган этно-фольклордук фестиваль өтүп жатат

17-09-2021
14:50

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына жер-жерлердеги тарыхый мурастарыбызды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий жактан  өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарыбызды жайылтып, калың элдин катмарына жеткирүү максатында,  Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде «Маданият мунарасы» долбоорунун алкагында "Өзгөн мунара 2021" этно-фольклордук фестивалы өтүп жатат .

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалга айтуучулук өнөрдүн алптары - манасчы, төкмө акын, дастанчылар, искусство чеберлери жана эстрада жылдыздары катышып,  кол өнөрчүлөр көргөзмөсү, чыгыш базар жарманкеси, күрүчтөн палоо жасоо сынагы, илимий-практикалык конференция, төкмө акындар айтышы,  "Өзөгүмдө Өзгөнүм” театралдаштырылган пролог жана чоң программадагы гала-концерт менен коштолот.

 “Бизге көз салып күбө болгон  Өзгөн  мунарасы  башынан бир топ тарыхты  өткөргөн. Бул долбоордун келечеги кең болсун. Өзгөн  районунун тургундары   баарыныздарга ачык маанай каалайм”,-дейт иш-чарага катышып жаткан  Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева. Ал иш-чаранын биринчи жолу өтүп жатканын белгилеп, аны мындан ары да  уланталы -деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын төрагасы Иманилла Кочкорбаев, Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын президенти Эльмырза  Сатыбалдиев, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Маматов Канатбек Мурзаевич жана жеке ишкерлер Алмазбек Алиев, Акылбек Алиевдер баштаган бир топ чыгаандардын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы