Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Алынган насыялардын натыйжалуулугу такталды

20-09-2021
15:03

137 млрд. сомго жакын каражат энергетика тармагынын талаптагыдай иштөөсүнө жумшалган. Бул алынган насыялардын натыйжалуу колдонулуусун тактап, Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети маселени кылдат карап, аткаруу бийлигинен так жоопторду талап кылды, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова “Парламент” радиосунун угармандары менен болгон жолугушууда.

“Быйылкы суу корунун көлөмү көйгөй жаратпайбы? – деген чоң суроо жаралып жатканда калктын кыштан кыйналбай чыгуусу үчүн кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын көңүлгө алдык. Көмүр маселесинин көрүнүштөрү да көлөкөдө калган жок”, - деген эл өкүлү, - “Коңшу мамлекеттин ишкерлери көмүр менен камсыздоо жагынан тендерге катышууда так жолдон тайдырган абал арга кетирет, - деп айтышууда. Бул уят нерсе! Андыктан, энергетика тармагына калыс карап, калкка кылдат кам көрүлүшү зарыл”, - дейт.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы