Европа бирлиги уран калдыктарын сактоочу жайларды күтүү багытында үстөк пайызсыз 3 млн 150 миң евро өлчөмүндө каражат бөлөт

16-06-2016 15:09

Жогорку Кеӊеште Орто Азиядагы CRIS №NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку кооптуулуктагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын башкаруу жана ремедиациялоо боюнча КР Өкмөтү менен Европа бирлигинин ортосундагы Каржылоо жөнүндө Макулдашуу каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Темиралиевдин айтымында, Кыргызстандын аймагында 92 уран калдыктары сакталган жай бар. Акыркы 5 жыл аралыгында уран калдыктары сакталган жайларды күтүүгө мамлекеттик бюджеттен 10-15 млн сомдон гана бөлүнүүдө. Бул каражат кооптуу жайларды эл аралык стандартка ылайык күтүү үчүн жетишсиз.

Ошондон улам, келишимге ылайык, Европа бирлиги Кыргызстанга рекультивациялоо иш чарасын өткөрүү аркылуу уран өндүрүшүнөн калган жайлардын, коопсуздук деңгээлин жогорулатуу багытында үстөк пайызсыз 3 млн 150 миң евро өлчөмүндө каражат бөлөт.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 794

Окшош жаңылыктар