Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Улугбек Ормонов: "Коопсуз шаар» долбоорунун максаты каражат чогултуу эмес, жол коопсуздугун жакшыртуу"

21-09-2021
11:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин депутаттары 21-сентябрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу маселени карашты.

Баяндамачы белгилегендей, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев мыйзам Кыргызстанга импорттолуучу мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык коддорун аныктоо жаатындагы ишмердүүлүктү жөнгө салууга багытталган. Ал кошумчалагандай, Президенттин каршы пикири каттала турган байланыш каражаттарынын тизмесин кеңейтүү боюнча сунуштамаларга байланыштуу болууда.

Талкуу учурунда депутат Улугбек Ормонов "үч буттуу" деп аталган "Коопсуз шаар" долбоорунун мобилдик аппарат комплекстерине эскертүүчү жол белгилерин орнотууну милдеттендирип, «Вега» компаниясы менен болгон келишимге өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

«Коопсуз шаар» долбоорунун максаты айдоочулардан каражат чогултуу эмес, жол коопсуздугун жакшыртуу экенин унутпашыбыз керек. Күн сайын жол кырсыгынан коронавируска караганда көп адамдар каза болууда, ал эми кырсыктардын санын азайтуу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөй келет, ага пандемия менен күрөшүүгө жумшалгандай миллиондогон долларлар бөлүнбөйт», - деди Улугбек Ормонов.

Комитеттин депутаттары "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу «Вега» компаниясы менен түзүлгөн келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоп, жооптуу мамлекеттик түзүмдөр» «үч буттуу» аппараттын жайгашуу картасын веб-сайтка жайгаштыруу боюнча компромисттик чечимди аткара электигин, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 2GIS жана «Яндекске» үн эскертүүлөрүнүн тиркемесин киргизүүгө тийиш экенин белгилешти.

Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев 2GIS жана «Yandex» компаниялары менен келишим түзүлгөнүн белгилеп, бул чечимди эки аптанын ичинде аткарууга убада берди. Карталарды өзү жетектеген мекеменин сайтына жайгаштырууга даярдыгын билдирди.

Талкуу жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү президенттин каршы пикири менен кайтарылган мыйзам боюнча макулдашуу тобун түзүү чечимине келишти.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы