Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева расмий сапары менен келди

21-09-2021
09:49

Бүгүн, 21-сентябрда Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева расмий сапары менен Бишкек шаарына келди. Парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Аида Касымалиева жана Нурбек Сыдыгалиев, ошондой эле Өзбекстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Мамасадык Бакиров тосуп алды.  

Иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, Танзила Нарбаева кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышат.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы