Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЕРӨБ Ноокат шаарынын таза суу тармагы менен канализациясын жаңыртуу багытында жеңилдетилген насыя бөлөт

22-09-2021
14:52

Жогорку Кеңештин Жогорку Кеңеш жыйынында «2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ноокат шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын таза суу тармагы менен саркынды сууларды чыгаруу тутумун жаңыртуу багытында жалпысынан 4,8 млн евро өлчөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде 2,2 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

Ноокат шаарынын мэри алынган насыяны толугу менен өз маалында төлөй алыша турганын, баардык чыгымдар менен кирешелер эсептелип чыкканын, долбоор ишке ашып калса, анын алкагында жергиликтүү 10 миң адам таза суу менен камсыз болууга тийиш экенин билдирди.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору 3 жылдан бери ишке ашырылбай токтоп турганын сынга алышты.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы