Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджеттик насыяларды берүүнү жана алардын кайтарымдуулугун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды

22-09-2021
17:05

Жогорку Кеңештин жыйынында бюджеттик насыяларды берүүнү жана алардын кайтарымдуулугун жакшыртууга багытталган «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Марлен Маматалиев жана Тариел Жоробеков.

Депутат Тариел Жоробековдун айтымында, республикалык бюджеттин эсебинен берилип жаткан насыялардын кайтарымдуулугун жакшыртуу зарылдыгы бар. «Биз Бюджеттик кодекске бюджеттик насыяларды берүүнүн жана аларды кайтаруунун жакшыртылган механизмдерин киргизип жатабыз. Ансыз өз маалында кайтарылбай келаткан бюджеттик насыяларды алган жактарды сотко берүүдө кыйынчылыктар жаралып жатат», - деп, ал Министрлер Кабинети мыйзам долбооруна оң корутунду бергенин кошумчалады.

Депутат Аалы Карашев ушул учурга чейин канча бюджеттик насыя берилгенине кызыкты. Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү баш-аягы 228 млрд сом көлөмүндө насыя берилгенин билдирди. Анын айтымында, насыялардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн энергетика тармагына таандык. Ал азыр насыяны өз маалында кайтарбаган субъектилер сотко берилгенин, ал каражаттын өлчөмү 1 млрд 200 млн сомду түзөрүн кошумчалады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы