Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда

22-09-2021
17:26

Бүгүн, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.  

Жыйында баяндама экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Амангелдиев: “Мыйзам долбоорунун концепциясы негизги электрондук мамлекеттик сатып алуулар системасын өркөндөтуү жана мыкты практиканы ишке киргизүү, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана корупциялык көрүнүштөрүн минималдаштыруу максатында  иштелип чыккан”, – деди.  

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев: “Электрондук сатып алуу порталы турганда дагы бир портал ачуунун зарылчылыгы барбы? Жарыялар кайсынысына коюлат? Жарандар кайсынысын карайт? Же бир жарыя экөөнө тең коюлабы?”, – деген суроо койду.

Өз кезегинде Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Амангелдиев атаандаштыкта иштеген либералдуу дагы бир портал ачуу максаты коюлганын белгиледи.

Ал эми депутат Бактыбек Турусбековдун “Кошумча канча каражат керектелет?” – деген суроосуна “Эч кандай кошумча каражат талап кылынбайт” – деп жоо берди Данияр Амангелдиев.   

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы