Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

22-09-2021
17:54

Бүгүн, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзамдардын жана токтомдордун долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында төмөндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

  • “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Суу кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине,  “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Торобаев Б.Э., Абдалиев М.А.);
  • “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Жоробеков Т.У.);
  • “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-12378/21).

Экинчи окууда:

  • “2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы);
  • “Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы);
  • “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Иманалиев К.К., Бакиров Ө.М., Шарапов З.Э., Эсенаманов З.С., Кыдыралиев У.Т., Ибраев С.К., Тагаев Э.С., Момбеков Р.Ч., Арзыбаев Н.И.).

Үчүнчү окууда:

  • “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Рыспаев К.Дж., Эсенаманов З.С., Турусбеков Б.С., Тагаев Э.С., Нурдинов Б.);
  • “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Сыдыгалиев Н.Ө.).

Жогорку Кеңештин токтом долбоорлору:

  •  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
  • 2021-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири боюнча мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
  •  “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле “Вега” радиокуруу концерни” акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
  •  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 17-февралындагы №4405-VI жана 2021-жылдын 24-февралындагы №4422-VI токтомдору менен түзүлгөн “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” Жабык акционердик коомунун сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчету жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-майындагы № 4555-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.