Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Бактыбек Турусбеков: “Келечек муунга таза көлдү мурасташыбыз милдет!”

23-09-2021
13:06

Бүткүл дүйнөлүк тазалыкты коргоо күнүнүн алкагында уюштурулган иш чара быйыл 17-18 сентябрь күндөрү уюштурулган ишембилик менен коштолду. Анда Чолпон – Ата шаарына жакын жердеги Ысык – Көлдүн жээги, суу түбүндөгү аралыктар таштандылардан тазаланды. Бул тууралуу иш чарага катышкан Жогорку Кеңеш депутаты Бактыбек Турусбеков “Парламент” радиосунда болуп, иретөө иштеринин ыргагына ынандырды.

Эл өкүлү “Таза Ысык - Көл” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган ишембиликте 300 кг жакын акыр – чикирлер тазалангандыгын билдирди. Алардын арасында турмуш – тиричиликтен калган калдыктар, балык уулоочу торлордун иштен чыккандары табылды.

“Көл түбүнө түшүп желим бөтөлкөлөрдү эле эмес, полиэтилен баштыкчаларын, ичинде калып калган балыктары менен жыттанып баштаган торлорду көрүп зээн кейиди. Кол күчү  менен алып чыга ала турган зыяндуу предметтерди тазаладык. Жалпысынан көл ичи узундугу 14 км келген тор тазаланып, 10 тонна таштандыдан арылды. Көп керексиз нерселер “Рух Ордо” маданий комплексинин, резиденциянын аймагына жакын жерден табылды. Көлгө аяр мамиле кылып, аны таза сактоо менен келечек муундарга мурасташыбыз керек”, - деди Б.Турусбеков.

Ошондой эле депутат таза аба темасынан тартып, саркынды сууларды тазалоо системасына чейинки чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү “фантастикалык проблема” деп атады. Анын себебин түшүндүргөн эл өкүлү, - “Бул кыш келгенде жай мезгилиндеги маселелердин, суук түшкөндө кычыроондогу көйгөйлөрдүн унуткарылып калышы камырабастыктын дал өзү!” – деп кейиди. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы