Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Коомдук угуунун катышуучулары республикада финтех компанияларын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

24-09-2021
11:14

Коомдук угуунун катышуучулары “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөгү”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү” жана “КР мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндөгү" мыйзамдын долбоорлорун талкуулашты.

Бул мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев көтөрүп чыккан.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Владимир Фролов коомдук талкууга интернет аркылуу онлайн-режиминде катышты. В.Фролов белгилегендей, финтех компаниялары үчүн уставдык капиталды азайтуу боюнча талаш бар. Эксперттин айтымында, финтех компаниялары үчүн уставдык капиталга болгон талаптарды азайтуу көйгөйлүү маселе болбошу керек, анткени бул компаниялар микрокредиттик компаниялардан айырмаланып, тобокелдүү операцияларды, атап айтканда кредиттөө, депозиттик операцияларды жүргүзүшпөйт. Ал ошондой эле финтех компанияларын өнүктүрүү боюнча сингапурдук жана россиялык тажрыйба тууралуу айтып, финтех компаниялары тарабынан алардын каражаттарын сактоо жаатындагы маселелерге токтолду.

Финтех компаниялары, В. Фроловдун айтымында, Улуу Британияда, АКШда жана Европада иштелип чыккан. «Финтех компаниялары эч качан тобокелдүү операцияларга кийлигишпейт. Алар аркылуу кылмыштуу төлөмдөрдүн өтүшүнө байланыштуу тынчсыздануулар негизсиз, анткени финтех компаниялары үчүн катаал стандарттарды иштеп чыккан FATF (Financial Action Task Force) уюму бар. Мындан тышкары, заманбап финтех платформалары blockchain технологияларынын негизинде иштейт», - деди окумуштуу финансылык мониторингдин механизмдери жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлү Жылдыз Сулайманбекова Улуттук банк финансылык технологиялардын өнүгүшүнө каршы эмес экенин, тескерисинче, аларды колдой турганын баса белгиледи. "Атайын жөнгө салуу режимдери жөнүндө жобо бар. Банк рыногуна кирүү үчүн сунушталган кызмат текшерүүдөн өтүшү керек", - деген Жылдыз Сулайманбекова, бул жаңы кызматты жана аны менен байланышкан тобокелдиктерди изилдөө зарыл экенин кошумчалады.

Депутат Саматбек Ибраев белгилегендей, 63 парламентарий финтех компанияларын өнүктүрүү жаатында мыйзам долбоорлорун демилгелешти. Ошондой эле эл өкүлү каржы тармагындагы маселелерге токтолуп: «Кыргызстанда тобокелдүү банктык операциялар менен алектенген 134 микрокредиттик компания бар. Алардын уставдык капиталы 5 миллион сомду гана түзүшү мүмкүн. Миңдеген кыргызстандыктар кредиттик кулчулукта. Микрокредиттик компаниялардан айырмаланып, финтех компаниялары тобокелдүү банктык операциялар менен алектенбейт. Улуттук банк, тескерисинче, бул мыйзам долбоорлоруна каршы чыгып, мыйзамдуу финтехти түзүүгө тоскоолдук жаратууда », - деп баса белгиледи.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы