Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Аида Касымалиева БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Борбор Азия боюнча Регионалдык Өкүлү Ханс Ф.Шоддер менен жолугушту

24-09-2021
12:01

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева БУУнун качкындар иштери боюнча  Жогорку Комиссарынын  Башкармалыгынын Борбор Азия боюнча Регионалдык Өкүлү Ханс Ф.Шоддер  менен жолугушту.

Аида Касымалиева  Кыргызстан БУУнун качкындар иштери боюнча  Жогорку Комиссарынын  Башкармалыгынын ишмердүүлүгүн жогору бааларын, алар менен кызматташууну улантууга кызыкдар  экендигин билдирип,  эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууда республикабызга көрсөткөн колдоосу үчүн Регионалдык Өкүлчүлүккө ыраазычылык билдирди. Төраганын орунбасары  Өкүлчүлүктүн  Баткен облусундагы  чек ара чыр-чатагынан жабыркаган тургундарды колдоого багытталган көмөгүн,    пандемия учурунда  качкындарга, башпаанек издеген кишилерге көрсөткөн жардамын  өзгөчө белгилеп өттү.

Өз кезегинде Ханс Ф.Шоддер  мырза БУУнун качкындар иштери боюнча  Жогорку Комиссарынын  Башкармалыгынын  Регионалдык Өкүлчүлүгү  тарабынан  жасалып   жаткан иштерге кенен   токтолуп, Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүнү мындан ары да улантууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуу учурунда  Ооганстандагы кырдаал, Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү жана башка маселелер талкууланды.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы