Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Аалы Карашев пенсия чегерүүнүн механизмдерин жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштоодо

30-09-2021
13:01

Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты.

Мыйзам долбоорунун  автору А.Карашев түзөтүүлөр   мамлекеттик  социалдык камсыздандыруу  чөйрөсүндө пенсиялардын баштапкы  камсыздандыруу бөлүгүн дайындоону оптимизациялоо жана  механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү, пенсиялык системаны башкаруунун  натыйжалуулугун жогорулатуу  максатында  киргизилип жатканын белгиледи.

“Долбоордун милдети 1996-жылга чейин СП1 пенсияларын  дайындоо системасын жөнөкөйлөштүрүү, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү жана ыкчамдуулукту арттыруу менен пенсияларды дайындоодо  калкка көрсөтүлчү кызматты  кыйла  жакшыртуу болуп саналат”, - деди А.Карашев.

Депутат жарандар талап кылынган маалыматтарды жана справкаларды эки-үч айлап  жыйноого тийиш эмес экендигин белгиледи. ”Пенсияларды дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү үчүн  1996-жылга чейинки   камсыздандыруунун жалпы  стажын  документ талап кылбай эсептөө сунушталууда”, - деп кошумчалады депутат. 

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар  мыйзам долбоорунун социалдык маанилүүлүгүн белгилешип,  пенсиялык саясатта орун алган  көйгөйлөрдү айтышты. Алсак, депутат  Акыл Кемелов  эмгек мигранттарын  пенсия менен камсыздоонун  механизмдерин жөнгө салуунун  зарылдыгын белгиледи. Депутат Айнуру Алтыбаева мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган энелер үчүн  персоналдык  ассистенттер  макамын  узартууну сунуштады. Депутат Айсулуу Мамашева социалдык кызматтарды  жөлөк пулдарды төлөөдө  пенсияны  үй-бүлөнүн кирешеси катары  эсептебөөгө чакырды.

Мындан сырткары, эл өкүлдөрү пенсионерлердин саны  700 миӊ кишиге жеткенин айтышып, Өкмөттү кымбатчылыктын шартында  пенсионерлердин  жашоо деӊгээлин көтөрүү боюнча шашылыш чараларды көрүүгө чакырышты.

Талкуудан соӊ мыйзам долбоору  биринчи окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы