Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды

30-09-2021
15:29

Бүгүн, 30-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзамдардын  долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында төмөндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору  кабыл алынды.

Биринчи окуудан:

-“2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-10540/21)

-“2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-11037/21)

-“2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну р атификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.09.20дагы № 498 токтом)

-“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат А.А. Карашев)

-“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.02.21деги № 48 токтом)

Үчүнчү окуудан:

- “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти)

- “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти)

- “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти)

-“Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти)

- “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти)

Мыйзамдын макулдашылган варианты:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4843-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы)

Четке кагылган мыйзам долбоору:

- “Кыргыз Республикасынын аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.03.20дагы № 182 токтом)

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы