Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Алтай Республикасына иш сапары менен барды

30-09-2021
20:25

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Алтай Республикасына иш сапары менен барды.

Делегацияны Алтай Республикасынын Эл-Курултайынын (Мамлекеттик жыйыны) төрагасы Артур Кохоев тосуп алды.

Сапардын алкагында республиканын жетекчилиги жана  аймактагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов, Искендер Матраимов бар.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы