Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жолугушуу жүрүшүндө кыргызстандык жана казакстандык депутаттар жайыт көйгөйлөрүн талкуулашты

01-10-2021
11:20

Бүгүн, 1-октябрда жайыт маселесине байланышкан жолугушуу болуп, ага Жогорку Кеӊештин депутаттары, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков, комитеттин төрагасынын орун басары Рада Туманбаева, депутат Замирбек Эсенаманов, Казакстан Республикасынын  Парламентинин  Сенатынын депутаттары   Султан  Дюсенбинов, Абдалы Нуралиев, Парламенттин Сенатынын  Аппаратынын Агрардык мамилелер, табиятты пайдалануу жана айылдык аймактарды өнүктүрүү комитети менен өз ара байланышуу бөлүмүнүн башчысы Каналбек Раймбеков катышты.

Нурбек Алимбеков   меймандар менен саламдашып, Жогорку Кеӊештин депутаттары парламенттик кызматтыштыкка ар дайым даяр экендиктерин билдирди. ”Биз “Жайыттар жөнүндө”  мыйзамды 2009-жылы кабыл алганбыз. Анын  жакшы жактары да көп, аксаган да жерлери бар, бирок, ал мыйзам менен 12-жылдан бери иштеп келе жатабыз”,- деди комитеттин төрагасы.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын  Парламентинин  Сенатынын депутаты   Абдалы Нуралиев меймандостугу үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирип, өздөрүнүн келгендеги максаттарын  айтты. “Казакстан жерге бай. Анын ичинде жайыт жерибиз 184 млн. гектар. Жайыттардын көлөмү боюнча дүйнөдө алтынчы орунду ээлейт. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизде жайытка байланыштуу көп маселелер бар. Малдын көптүгүнөн жайыттар деградацияга  учуроодо. 2017-жылы биз да жайыт боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Азыр ошол мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу сиздердин “Жайыт жөнүндөгү”  мыйзамыӊыздардын иштөөсүндөгү  оӊ натыйжаларды жеринде көрүп, тажырыйба үйрөнүүгө келип отурабыз”,- деди ал.

Андан соӊ ”Кыргыз жайыты” Кыргызстандын  жайыт пайдалануучулар  улуттук ассоциациясынын президенти  Абдималик Эгембердиев баяндама жасап, жайыт боюнча мыйзамдын иштеши,  жана ага киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу  кенен айтып берди.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы