Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жайыт жерлерин натыйжалуу башкарууну жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу чаралары сунушталууда

04-10-2021
11:54

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик жайыт жерлерин натыйжалуу башкарууну жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу жана айыл чарба багытындагы жерлердин бузулушуна жол бербөө, жайыттарды башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Кезинде өлкөдө жүргүзүлгөн жайыт реформасына байланыштуу “Жайыттар жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилип, үч баскычтуу башкаруу тутуму киргизилген. Ал эми алар мамлекеттик жайыт жерлерин башкарууну Жайыт пайдалануучулардын коомдук бирикмелерине өткөрүп берген.

Ошентип, коомдук уюмдар ушул кезге чейин жайыттарды эптеп-септеп башкарып келди. Тескөө укугунан тышкары, жайыт жерлерин башкаруу боюнча көзөмөл менен жоопкерчик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилгени менен, алар иш жүзүндө башкаруудан четтеп калган. Эгерде азыртан тийиштүү чаралар көрүлбөсө, жайыт жерлеринен кол жууп калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, жайыттарды фондго берүү керек.

Мыйзам долбоорунда жайыт жеке жана юридикалык жактарга аң уулоо, балчылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил байланыш курулмаларын орнотуу, туризм, балык уулоо максатында, жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен, 5 жылга чейинки мөөнөткө, кийин аны 20 жылга чейин узартып, убактылуу пайдаланууга берүү жобосу да камтылган.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы