Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төраганын орун басары Аида Касымалиева: “Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарда эч кандай кемсинүү сезими болбошу керек”

04-10-2021
15:57

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарында жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өндүрүш ишканасына жаңы унаа белекке тапшырылды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Аида Касымалиева мындай аракеттер жакшы жышаан экенин белгилеп, Жогорку Кеңеш дагы бардык өлкө жарандары үчүн керектүү мыйзамдарды кабыл алып жатканын кошумчалады.

“2019-жылы мамлекет башчысы тарабынан БУУнун майыптардын укуктары жѳнүндѳ конвенциясын ратификациялоого тууралуу мыйзамга кол коюлду. Документ 24-марттан тартып күчүнѳ кирди. Аталган конвенция алкагында мамлекет майыптуулугу бар жарандарды жеткиликтүү чѳйрѳ жана инфратүзүм менен камсыздоого, аларды күнүмдүк турмушка толук аралаштырууга, бардык укуктар жана эркиндиктерди берүүгө милдеттеме алат. Ал эми Жогорку Кеңеш да саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук жайларда эркин жүрүүсүнө, билим берүү мекемелерге баруусуна, социалдык жана маданий иш-чараларга катышуусуна мүмкүндүк берүүгө багытталган чараларды колдоп келет. Жалпысынан айтканда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарда эч кандай кемсинүү сезими болбоого тийиш”,-деди төраганын орун басары.

Кошумчулай кетсек, кичи автобус унаасы Германиянын Федералдык тышкы иштер министрлигинин бюджетинен каржыланып, “Жамийла” долбоорунун алкагында 16 миң еврого алынган. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.

Ошондой эле иш-чарада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өз колу менен жасалган эмгектеринин көргөзмөсү болду. Алсак, бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 181 миӊди же жалпы калктын 3%ын түзѳт. Алардын саны жыл сайын ѳсүүдө. Тиешелүү министрлик буга биринчиден калктын демографиялык ѳсүүсү себеп болуп жатканын айтууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы