Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет эки мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду

04-10-2021
16:37

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Ошондой эле, “2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик           макулдашууну    жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоор да талкууланып, үчүнчү окууда колдоо тапты.

Жыйында Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бердимурат Жалилов баяндама жасады. Биринчи мыйзам долбоору аркылуу Бүткүл дүйнөлүк банктын суранычы менен 6,5 млн евролук насыянын төлөө мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда. Ал эми экинчи макулдашуу аркылуу Ноокат шаарынын суу куурларын жакшыртуу багытында 4,8 млн евро насыя алуу мерчемделген. Анын 2,2 млн евросун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 1%дык төлөм менен 15 жылга берет. 2 млн евросу грант. Калган 0,6 млн евро Жапония өкмөтү тарабынан бөлүнөт.

Тармактык комитет макулдашуулардын аймактар үчүн мааниси жогору экенин белгилешип, колдоого алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы