Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊештин комитети тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча Макулдашууга макулдук берди

04-10-2021
16:43

4-октябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-Импорттук банкынын  ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча Макулдашуунун долбоорун карады.

Депутаттарга  КР Экономика жана каржы министри Руслан Татиков маалымат берип, 51,1 млн.долларды төлөө жылына эки пайыз менен 6 жылга жылдырылып жатканын билдирди.

Тактоо иретиндеги айрым суроолордон соӊ депутаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги    менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-Импорттук банкынын  ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча Макулдашуунун долбооруна макулдук беришти.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы