Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

05-10-2021
17:56

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык  саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Аталган мыйзам  долбоору, мамлекеттик ишканаларды  түзүмдөштүрүү жана аларды менчиктештирүү, жеке башкаруучуларга өткөрүп берүү жолу менен  мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча  милдеттерди камтыйт.

Министрлер кабинетинин  алдында мамлекеттик менчик түзүмдү, анын  ичинде атаандаштыктын курчоосунда иштеп жаткан коммерциялык багыттагы ири компанияларды, акциялардын мамлекеттик пакетин жана үлүшүн  менчиктештирүү маселеси каралууда.  

Бирок, түз  мамлекеттик функцияларды аткарган жана калкка социалдык-маанилүү кызматтарын көрсөткөн, мамлекеттин менчигинде турган социалдык обьекттерге карата менчиктештирүү маселеси каралбайт.

Талкуу маалында депутат Айнура Осмонова менчиктештирүү кандай жагдайда ишке ашырыларына кызыкты. Өз кезегинде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Мирлан Бакиров менчиктештирүү  программасы  ири этаптардын негизинде ишке ашырыларын белгилеп: “Акыркы үч жыл аралыгында  менчиктештирүү жүргүзүлгөн эмес жана  бир да мүлк  сатыла элек. Менчиктештирүү атайын сынактын, аукциондун жоболорунун, баалоо процессинин негизинде ишке ашыралат”, – деп жооп берди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы