Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

06-10-2021
11:25

Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору депутаттары Алтыбаева А.Т., Бакиров Ө.М., Дюшалиев А.К., Кыдыралиев У.Т., Ибраев С.К., Иманалиев К.К., Шарапов З.Э., Самаев У.О., Эсенаманов З.С., Момбеков Р.Ч., Арзыбаев Н.И., Тагаев Э.С. тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Дастан Бекешев: “Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандардын азыркы учурда 3% өлчөмүндө төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын кызматкер-жарандары үчүн 27,25% өлчөмүндө белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине теңештирүү максатында сунушталууда”, – деди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы