Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдардын долбоорлору добуш берүүгө жөнөтүлдү

06-10-2021
17:12

 Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын долбоорлорун экинчи окуудан карашты.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Президенти.

Бул маселе боюнча баяндама жасаган депутат Аалы Карашев жогорудагы эки мыйзамды бириктирүү сунушу түшкөнүн билдирди. “Себеби, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бири-бири  менен тыгыз байланышта, бирдикте  жумуш алып барат”,- деди эл өкүлү. А.Карашевдин айтымында, мыйзам долбоорунда райондук бюджеттерди, райондук кеӊештерди  калыбына келтирүү, калкы 100 миӊ кишиге чейинки райондордо 20-30 депутат, 100-200 миӊден калкы бар райондордо 30-45 депутат болушу  сунушталууда. Депутат айыл өкмөттөрүнүн башчыларын дайындоо маселеси өтө чоӊ талашты жаратканын белгилеп өттү. Ошондуктан, айыл өкмөттөрүнүн башчылыгына талапкерлер  ачык конкурстун негизинде   муниципалдык резервеге киргизилип,  райондун акими аларды ошол резервден дайындоосу сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Мурадил Мадеминов айыл өкмөттөрүнүн каржылык абалы,  Акыл Кемелов айыл өкмөттөрүн ирилештирүү, жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын макамы, Дастан Жумабеков бийлик вертикалы, Мамасадык Бакиров  жергиликтүү кеӊештердин төрагаларынын айлык акылары, Бактыбек Турусбеков райондордун акимдерин кызматка дайындоо жана иштен бошотуу укугу, Тариел Жоробеков акимдердин кол тийбестиги    боюнча маселе көтөрүштү.

Талкуудан соӊ мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү  окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы