Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Талант Мамытов жогорку окуу жайлардын жана орто мектептердин мугалимдери менен жолугушту

06-10-2021
17:11

Бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов жогорку окуу жайлардын жана орто мектептердин мугалимдери менен жолугушту.

Алгач Төрага агартуучуларды кесиптик майрамы - Билим берүү кызматкерлердин күнү менен куттуктап, алардын билим берүү тармагына кошкон салымы жогору экенин белгиледи.

Ошондой эле Талант Мамытов жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу жигердүү ишмердүүлүгү үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирип: "Келечек муундун өкүлдөрүн ажайып илим дүйнөсүнө жетелеп, алардын жеткиликтүү билим, татыктуу тарбия алуусуна камкордук көрүү мугалимдердин асыл милдети. Анткени, «Мыкты билим – улуу күч!» дегендей, билимдүү жаштар – элибиздин эң башкы байлыгы. Кыргызстандын бакубат келечеги да жаштарга таандык. Андыктан, биздин өлкөдө билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Азыркы ааламдашуу доорунда адамзат болочогун илим менен билимсиз элестетүү эч мүмкүн эмес", - деди.

Иш-чара алкагында алдыңкы агартуучуларга  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы