Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору экинчи окуудан добуш берүүгө жиберилди

07-10-2021
12:43

Бүгүн, 7-октябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар   “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар А.А.Карашев, Ч.Ч. Урумкалиева, Г.С.Молдобекова.

Мыйзам долбоорунун  авторлорунун бири Чынара Урумкалиева   түзөтүүлөр   мамлекеттик  социалдык камсыздандыруу  чөйрөсүндө пенсиялардын баштапкы  камсыздандыруу бөлүгүн дайындоону оптимизациялоо жана  механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү, пенсиялык системаны башкаруунун  натыйжалуулугун жогорулатуу  максатында  киргизилип жатканын белгиледи. Демилгечилердин дагы бири, депутат А.Карашев бул мыйзамга ылайык, талап кылынган маалыматтарды жана справкаларды   жыйноодо жарандарды убара кылган нормалар, адамдык фактор  жокко чыгаралаарын кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар  мыйзам долбоорунун социалдык маанилүүлүгүн белгилешип,  пенсиялык саясатта орун алган  көйгөйлөрдү айтышты. Алсак, депутаттар   Тариел Жоробеков пенсиялардын ставкалары, Улукбек Садиков маалыматтарды санариптештирүү, Дастан Бекешов топтомо фондусу, Мейкинбек Абдалиев пенсия жашына жетпей кайтыш болуп кеткен адамдарга бөлүнгөн каражаттардын жумшалышы, Бейшеналы Нурдинов чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарына  пенсия чегерүү, Карамат  Орозова пенсиялык фондунун ачыктуулугу   боюнча маселе көтөрүштү.

Талкуудан соӊ мыйзам долбоору  экинчи жана үчүнчү окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы