КМШ аймагында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби тууралуу келишим ратификацияланууда

16-06-2016 15:21

Жогорку Кеӊеште Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашуу каралып, ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ички иштер министринин маалыматына караганда, 2015-жылдын 16-октябрында Казакстанда кол коюлган бул келишимде биргелешкен ыкчам топтордун кылмыш иштерин биргелешип иликтөө жана тергөө, маалымат алмашуу, экспертизаларды жүргүзүү, буюм-тайымдарды сактоо сындуу негизги иш-милдеттеринин тартиби камтылган.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2644

Окшош жаңылыктар