Түз
эфир
Алгачкы кебин ак тилектерге арнап, астанабызды аттап отурган Жогорку Кеңеш депутаты Тазабек Икрамов "Парламент" радиосунун 15 жылдыгын куттуктаганы келиптир.
Шайлоочулар менен түз байланышты камсыздап, аралыктан ак кызмат кылууга себепчи болуп жаткан “Парламент” радиосунун кызматы зор. Канчалаган элдер ушул канал аркылуу көйгөйлөрүн айтып, маселени чечүүгө үлгүрүшөт. Бул жакшы мүмкүнчүлүк, - деген эл өкүлү жалпы жамаатка жакшылыктарды каалады.
Ушундай эле куттуктоо кезегин уланткан Жогорку Кеңеш депутаты Самат Исманов, - “Радио – элдин үнү. Түз байланыштын булагы болгон “Парламент” радиосу кылымдарга кызмат кылсын”, - деген ак тилегин билдирди.