Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Ушу тапта Корея Республикасы кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча кошумча гранттык жардам берүүгө даяр

13-10-2021
16:34

Жогорку Кеңештин жыйынында “2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына караганда, буга чейин Кореянын Кыргызстандагы Эл аралык кызматташтык агенттигинен (KOICA) 45 миллион долларды грант түрүндө алып, алар саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарбасына, ошондой эле шайлоо жүрүмүн колдоого багытталган. Ушу тапта Корея кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча кошумча гранттык жардам берүүгө даяр.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы