Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Улуттук банк жана банктардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзам долбоорлору боюнча коомдук угуу өттү

13-10-2021
18:13

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын  «Улуттук Банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн  тарифтери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык  камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо  бөлүгүн каржылоо  үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө», мыйзам долбоорлору  боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасында  финансылык технологиялардын  тез  өнүгүшү үчүн атайын  шарттарды түзүү, Улуттук банктын чечимдеринин кабыл алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, Улуттук банктын балансында финтех-компанияларга корреспонденттик эсептерди ачуу, финтехке таандык  баалуу  металлдарды  Улуттук  банктын сактоо жайларында  сактоого мүмкүндүк берүү сунушталууда. 

Коомдук талкууда, мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Саматбек Ибраев Евразия чөлкөмдөрүндөгү банк секторлорунда финтех компаниялары тез өнүгүп жатканын, ал эми Кыргызстан финансылык инновациядан артта калгандыгын белгилеп: "Бул мыйзамдарды тезирээк кабыл алып берүү керек. Эмнеге дүйнөлүк тажрыйбаны колдонбойсуздар?”- деген маселени көтөрдү. 

 Аталган суроого Улуттук банктын төрагасынын орун басары  Айнура Тезекбаева: "Улуттук банкта финтех компаниялардын техникалык тейлөөлөрдү, көп миллиондуу транзакцияларды ишке ашыруусуна мыйзамдык ченемдик актылар жол бербейт”,-деп  жооп берди.

Жогорку  Кеңештин Басма сөз кызматы