Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө“ мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды

20-10-2021
12:41

Бүгүн,  20 октябрда,  Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында  депутаттар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун   үчүнчү окууда  карашты.

Аталган мыйзам  долбоору мамлекеттик сатып алуулардын электрондук  тутумун өркүндөтүү  жана мамлекеттик сатып алуулардын жол- жоболорун  жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан. Долбоор ошондой эле коррупцияны минималдаштырууну жана мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда атайын  веб-портал сатып алуулар боюнча электрондук аянтча түзүүнү көздөйт.

Талкуу учурунда   депутат  Дастан  Бекешев маалыматтардын  сакталуусун мамлекеттик эмес, жеке уюмдарга өткөрүп берүү кооптуу экенин   белгиледи. Депутат Абдывахап Нурбаев  кесиптешин колдоого алып, “Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталды башкарууну эмнеге мамлекеттик эмес, жеке менчикке өткөрүп берип атасыздар? Эгер жеке менчикке өткөрүлүп берилсе, жеке купуялуулук кандай болот, анын сакталышына ким кепилдик берет?”-  деген суроону  койду.

Депутаттардын суроосуна Министрлер кабинетинин өкүлү жооп берди. Сатып алуулар процессинде арыздар көп  болгонуна байланыштуу коррупцияны жоюу максатында, ачык айкындуулукту сактоо менен  атаандаштык чөйрө түзүп, көз карандысыз электрондук аянтчанын  түзүлүүсү коомчулукту сатып алуулар процессине катыштыруу максатын көздөөрүн билдирди.

Ал эми депутат Наталья Никитенко  аталган мыйзам  долбоорун тобокелдүү катары мүнөздөп, мамлекеттик деңгээлдеги  стратегиялык обьекттер, мамлекеттик  деңгээлдеги стратегиялык  маалыматтар   купуялуу болуш керек деген   пикирин билдирди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы