Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊеште 3 фракциядан турган парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлдү

03-11-2016
16:31

Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлүп, келишимге кол коюлганын жарыя кылды. Анын айтымында, парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына КСДП (38 мандат), «Кыргызстан» (18 мандат), «Бир Бол» (12 мандат) фракциялары кирди. Баардыгы – 68 мандат.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын башчылыгына Иса Өмүркулов шайланган. «Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталды», - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, мурдагы КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү – Прогресс», «Ата Мекен» фракцияларынан турган парламенттик көпчүлүк коалициясы 2016-жылдын 26-октябрында таркаган.

КР ЖК Басма сөз кызматы