Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Б. Турусбеков: “Тамыры терең тарыхыбыз таасирдүү...”

20-10-2021
13:01

“2021 – жыл өлкө тарыхында татыктуу жылдардан болду. Эгемендиктин 30 жылдыгы, кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн мааракелери, Баш мыйзамдын жаңы редакциясы, алдыдагы камданып жаткан парламенттик шайлоо өнөктүгү сыяктуу таразалай турган татыктуу иштер – өнүгүүгө өбөлгө”, - дейт Жогорку Кеңеш депутаты Бактыбек Турусбеков “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаков баштаган кыргыз каймактары мамлекетибиздин макетCopyин түзүп, улуттун уңгусун калыптандырганы, ошол кездеги нагыз патриоттордун таза жүрөгү, элдин мүдөөсү эле. Жалпылап алганда, тамыры терең тарыхыбыз таасирдүү. Ошол ата - бабалар салып кеткен жолду татыктуу улантып, келечек муун, жалпы элибиз майышпас эрктүү болсун, - деп тилеген депутат, - саясаттагы жоопкерчилик менен ар бир адамдын жеке милдеттеринин маанисине токтолду.

Алдыдагы парламенттик шайлоо адилет өтүп, өнүгүүнү максат кылган стратегиялар туруктуулукка себепчи болсун, - деп белгиледи эл өкүлү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы