Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

20-10-2021
15:44

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Аталган мыйзам  долбоорунда мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялоо боюнча жана аларды менчиктештирүү, жеке башкаруучуларга өткөрүп берүү жолу менен мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттер коюлган.

Министрлер кабинетинин  алдында мамлекеттик менчик түзүмдү, анын  ичинде атаандаштыктын курчоосунда иштеп жаткан коммерциялык багыттагы ири компанияларды, акциялардын мамлекеттик пакетин жана үлүшүн  менчиктештирүү маселеси каралууда. 

Бирок, түз  мамлекеттик функцияларды аткарган жана калкка социалдык-маанилүү кызматтарын көрсөткөн, мамлекеттин менчигинде турган социалдык обьекттерге карата менчиктештирүү маселеси каралбайт.

Талкуу маалында айрым депутаттар мыйзам долбооруна каршы экендиктерин билдиришип, мамлекеттик мүлкү менчиктештирүүгө болбой тургандыгын жүйө келтиришти. Ошондой эле менчиктештирүү саясатына Улуттук банктын катышуусуна жол бербөө керектигин белгилешти.

Ал эми депутат Айсулуу Мамашова менчиктештирүү программасынын абалына кызыкты. Өз кезегинде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Мирлан Бакиров: “Менчиктештирүү программасы парламент тарабынан буга чейин бекитилген. Программага ылайык тизме түзүлгөн. Тизмеде 29 объект бар”,– деди.

Ал эми депутат Бурул Аманова мамлекеттин карамагына алынган мүлктөрдү башкарууда кадрдык мүчүлүштүктөр бар экенин белгилеп: “Жеке менчикте турганда жакшы эле иштеп, мамлекетке алынганда эле начарлап, кирешесиз калганы туура эмес. Андыктан, алардын жетекчилерин тандоодо кесипкөйлүгүнө көңүл буруу шарт”, – деп кошумчалады.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы