Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Күз-кыш мезгилине карата Министрлер кабинетинин даярдыгына тиешелүү Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

20-10-2021
18:13

Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Министрлер кабинетинин иши талкууга алынып, атайын токтом кабыл алынды.

Жыйында айтылгандай, бул жаатта Өкмөттүн токтому иштелип чыгып, ага ылайык республика боюнча 3 018,072 миң тонна кѳмүр даярдоо мерчемделген. Анын ичинен бюджеттик мекемелерге - 242,333 миң тонна, калк үчүн – 1 125,739 миң тонна, Бишкек шаарынын ЖЭБине – 1 650,0 миң тонна көмүр камдоо керек. Ошондой эле республика боюнча 65,51 миң тонна отун мазутун алуу сунушу берилген.

Бирок, 2021-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча республика боюнча жалпысынан 430,648 миң тонна көмүр камдалган.

Талкуу маалында депутаттар күз-кыш мезгилдерине карата көрүлгөн даярдыктын жүрүшүнө карата айрым маселелерге токтолушту.

Алсак, депутат Акыл Кемелов пландык өчүрүү деген жүйө менен жарык өчүрүлгөн учурлар көп катталып жатканы белгилеп: “Бул качан токтойт?”- деген суроо узатты.

Өз кезегинде энергетика министри Доскул Бекмурзаев 1-ноябрдан тарта пландык өчүрүүлөр токтотуларын билдирди.

Ал эми депутат Өмүрбек Бакиров күйүү-майлоочу каражаттар кымбаттап кеткенин эске салып: “Буга кандай чаралар көрүлүп жатат?”,– деген суроо берди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев башка өлкөлөрдө да ушундай абал экенин эске салып, тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жыйынтыгында айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтом долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы