Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Айлык кирешеси 9270 сомдон ашпаган жарандарга акысыз юридикалык жардамдар берилет

21-10-2021
13:31

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам маанисин түшүндүрүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жана КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков "Парламент" радиосу аркылуу элге маалымат берди.

Жарандык, административдик, кылмыш – жаза иштери боюнча кепилденген юридикалык жардамдар берилип келген. Бирок, алар областтын борборлорунда гана болсо, эми бул мүмкүнчүлүк ар бир райондун аймагына жетип отурат. Укуктук кеп – кеңештерди берүүдө координациялык ишти алып баруучу өкүлдөр иштейт. Азыр алардын жалпы эсеби 422ни түзөт, - дейт Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков.

Ошондой эле ал, - сунушталган мыйзамдын өзгөртүүлөрү 50%дан ашкандыктан, бул ирет кабыл алынып жаткан мыйзам долбоору жаңы редакцияда даярдалды, - деп кошумчалады.

Ушул эле мыйзам долбоорундагы дагы бир өзгөчөлүк, юридикалык жардам алуучулардын категориясына зордук – зомбулуктан, адам сатуудан жабыр тарткандардын тобу да кошулду, - дейт КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков.

Сот өндүрүшүндөгү юридикалык жардамдардын сапаты артып, мыйзам кабыл алынса айына тапкан кирешелери 9270 сомдон ашпаган жарандарга акысыз юридикалык жардам кепилдиги берилет. Калктын 60 – 70%ынын тапкан кирешеси ушул жогорудагы суммага барабар келерин, Улуттук статистика комитети тастыктап берди.  Бирок, бул шарт дифференциалдуу каралат, - деп кошумчалады ал.  

Айлык кирешелеринин жогорудагы суммасын эске албагандагы акысыз юридикалык жардам алуучулардын катарына аскер кызматындагылар, согуш ардагерлери менен  ага теңдештирилген укуктагылар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер кирет, - дешет адистер.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы