Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Маалымкатты талап кылуунун формасы өзгөрдү

25-10-2021
12:39

Өкмөт тарабынан 2019 – жылдын 2 – августунда демилгеленген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам негиздери тууралуу КР Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков “Парламент” радиосуна түшүндүрмө берди.

Юридикалык жактарды каттоодо санариптештирүү, адамдык факторлорду жок кылуу аракеттери заман шарты болуп жатканда, жогоруда аталган мыйзамдын өзгөртүүлөрүн кабыл алуу зарылчылыгы жаралды, - дейт студиянын мейманы.

2020 – жылдын 1 – январынан тартып электрондук каттоо тартиби колдонууга кирип, элге жеңилдиктер пайда болду. Андан тышкары, юридикалык жак катары каттоодон өтүүчү тарап буга чейин өздөрү таап алып келген Социалдык фонд менен салык кызматтарына болгон карыздары жок деген маалымкатты талап кылуунун формасы өзгөрдү. Башта бул документтер арыз берүүчүлөр тарабынан камсыздалса, эми бул процедура “Түндүк” системасынын алкагында мамлекеттик органдардын өз ара байланыштары аркылуу гана сутарып алуу аракеттери менен жөнгө салынат, - дейт О.Сыдыков.

Бул мыйзам кабыл алынса, төлөмдөрдүн электрондук тастыктамалары да жарактуу, - деп эсептелинет. Мурдагыдай, квитанциялардын кагаз түрүндөгү үлгүсүн сөзсүз көрсөтүү зарылчылыгы болбой калат. Бул талаптарды татаалдаштырбайт, - деди КР Юстиция министринин орун басары.

Юридикалык жактарды каттоодо коммерциялык уюмдар жана коммерциялык эмес уюмдар болуп эки башка тизме менен таризделет. Кайра каттоо шарттары пайда болгон учурлар да жок эмес. Анын тартиптери бир катар жагдайлар менен түшүндүрүлөт, - деп белгиледи О.Сыдыков.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы