Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Юридикалык жардам көрсөтүүнүн эки түрү иштейт

29-10-2021
13:23

Юридикалык жардам көрсөтүү эки түр менен жүргүзүлөт. Анын бири кеп – кеңеш берүүчү жардам болсо, экинчиси квадификациялык юридикалык колдоо. Бул тууралуу “Парламент” радиосуна курган маегинде  КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн жогоруда аталган биринчи түрү боюнча жергиликтүү атуулдар, анын ичинде чет мамлекеттерде миграцияда жүргөндөр, качкындар жана жарандыгы жоктор колдоо ала алышат. Республика аймагында бул багытта иш алып барып жаткан 33 юридикалык борборлор бар.

Жарандык – административдик, жазык иштери боюнча да жарандарды адвокаттар менен камсыздоо шарттары караштырылган. Волонтерлор да ишке тартылып, бул багытта юридикалык клиникаларда тажрыйба үйрөнүп жаткан студенттердин колдоо көрсөтүп жатканы жакшы, - дейт А.Калбеков.

Пенсия курагына келип калган укук коргоо органдарынын адистеринин бир тобу адвокаттык ишти жөндөп кетишүүдө. Мисалы, 5 жыл тергөөчүлүк тажрыйбасы бар адистер кийин бул багытта өз ишмердүүлүгүн улантууга лицензия алышса, эми азыр андай эмес. Атайын даярдыктан өтүп, сынак  тапшырууга милдеттүү, - деп кошумчалады Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун жетекчиси.

Ошондой эле ал, - сот  - укуктук реформалардын алкагында мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдарга 2019 – жылдан тартып 74 млн. сом адвокаттардын айлык маяналарга деп каралгандыгын кабарлады. Бул жардамдын сапаттуулугун арттырат, - дейт А.Калбеков.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы