Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат С.Исманов: "Аттестациялык сынак гана калыстыкты камсыздайт"

10-11-2021
14:44

Мамлекеттик органдардагы статс - катчылар институтунун жоюулушу "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамда көрсөтүлдү. Мамлекет башчысы кол койгон мыйзамга өз сунуштамаларын берген Жогорку Кеңеш депутаты Самат Исманов "Парламент" радиосунда болуп, аталган мыйзамдын негизги максаты тууралуу ой бөлүштү.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ага кол койду. 

Эми аталган мыйзам аркылуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартиби аныкталып, аттестациялоо талабы орнотулат. Болбосо, мамлекеттик кызматчылардын ишмердүүлүгү тууралуу отчеттордо бардыгы эле "5ке" бааланып калган. Иштин жыйынтыгын таразага салууда аттестациялык сынак гана калыстыкты камсыздайт, - дейт эл өкүлу С.Исманов.   

Мыйзамда белгиленгендей, мамлекеттик органдардын статс - катчылар институттары өздөрүн актай алган эмес. 

Мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институтунун жоюулушун  эске алуу менен, анын функционалдык милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөтрүн түшүндүрдү депутат. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы