Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Салык төлөө тартиптери

11-11-2021
17:34

Сунушталып жаткан Салык кодексинин жаңы редакциясында салыктардын 7 түрү гана эсептешүүгө милдеттендирилет. Ал эми колдонуудагы Салык кодексинде салык төлөмдөрүнүн жалпы 8 түрү бар эле. Ушуну менен салыкка байланышкан негизги документтин бул 3 – ирет толукталып, өзгөртүлүп жатышы. Башкы максат – салык төлөмдөрүн татаалдаштырбастан, аларды кайра жеңилдетүү багыттарын көздөйт, - деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты, Экономика жана фискалдык саясат боюнча кометинин төрагасынын орун басары Алайбек Алымбаев бүгүн, 11 – ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Заман талаптары улам жаңыча шарттар менен өнүгүп жатканда санариптик системалар да турмушубузга аралаша баштады. Айталы, Google, Яндекс, Фейсбук сыяктуу кызмат түрлөрү салык төлөөчүлөрдүн катарын толуктайт. Бул жаңы кодекстин редакциясындагы жаңылыктардын бири, - деди эл өкүлү.

Ошондой эле студия мейманынын айтымында, соода жүгүртүүсүнүн көлөмү айына  8 млн. сомдон ашпаган ишкерлер эми 12%дык кошумча нарк салыгынан бошотулуп, бул багыттагы босого 30 млн. сомдук ченден өйдө болгондо гана ишке ашат, - деп белгиленүүдө.

Курулуш тармагындагы салык өлчөмүн карап чыгууга туура келет. Антпесе, ар бир чарчы метрдин наркынын кымбаттап кетүү ыктымалдуулугу бар. Ошондуктан, бул маселени кылдат, шашпай карап чыгууга тийишпиз. Бул маанилүү документ, - деген эл өкүлү, - ошол эле мезгилде пенсия, айлык акылардын төлөө тартиби дал ушул салык жыйымдарынан куралат эмеспи, - деген ырастоолорго да токтолду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы