Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча өткөрүлгөн тегерек столго катышты

12-11-2021
14:26

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби,  кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети  жана КР ЖК Төрагасына алдындагы Аялдардын укуктары жана гендерлик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңеши, ЕБ-БУУнун «Жарык шооласы»  биргелешкен демилгесинин колдоосу менен «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева, Укук тартиби,  кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле  КР ЖК Төрагасына караштуу Аялдардын укуктары жана гендерлик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин  мүчөлөрү, Министрлер кабинетинин, Президенттик администрациянын,  үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун активисттери, ошондой эле кризистик борборлордун, адвокатуралардын өкүлдөрү  катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар мыйзамдарды инвентаризациялоо процессинин алкагында гендердик эксперттер тарабынан даярдалган «Үй-бүлөлүк зомбулуктан  сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашты.

Мыйзам долбоорунда убактылуу коргоо ордерин берүү мөөнөтүн 3 күндөн 30 күнгө чейин көбөйтүү, анын шарттарын кеңейтүү жана аны электрондук байланыш каражаттары аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кошуу, мурдагы жубайларды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого алынуучу адамдардын катарына кошуу сунушталууда. Зордук-зомбулукка тике жана кыйыр байланыштарды аныктоо, мыйзамды  ишке ашырууда пробациянын жазаларды аткаруунун субъекттеринин чөйрөсүнө кошуу, аксакалдар сотун алып салуу, ошондой эле бир катар башка өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталууда. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы