Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Салык төлөө маданиятын калыптандыруунун зарылчылыктары

12-11-2021
14:41

Мезгил санап, убакыт канатын каккан сайын ар бир заманбап процесстердин катарында экономиканын эртеңкисине эмгек кылуучу элементтерди өздөштүрүүгө үлгүрүп - үлгүрбөй калуудабыз. Деги эле бюджет түзүүчү болгон салыктардын салмагын таразалоодо татаалдыктар жокпу? Учур унуткарбаган кандай талаптар коюлууда? Ушул өңүттөн алганда Салык кодексинин жаңыдан даярдалган редакциясында баш – аягы 130дан ашык жаңылыктар камтылды. Бул тариздеги тастыкматаларга Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев “Парламент” радиосуна курган маегинде токтолду.

Ишкерлерге жеңилдик түзүү максатын көздөп, Салык кодексинин жаңы варианты парламентте талкуудан өтүп жатат. Буга коомчулуктун айткан пикирлери кошумчаланат. Болбосо, салык жыйноочулар менен салык төлөөчүлөр ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү орнотуу, иштин иретсиздигин ыгы жок ырбатпоо маселелери башкы орунда турат, - дейт жогоруда аталган министрликтин өкүлү.

Министрлер кабинетинин жалпы стратегиясында салык системасын санариптештирүү башкы сапка чыгууда. Ошондой эле мамлекет башчысынын да салык системасындагы жөнөкөйлүктү камсыздоого арналган тапшырмалары бар, - дейт Б.Алиев.

Талкууга көз карандысыз эксперттер, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жигердүү катышып, 400дөй сунуштар келип түштү. Алардын ичинде 10го жакын пикир кылдат тактоону талап кылат, - деп белгилеген министрдин орун басары, - “Салык төлөөдөн качкандардын чет мамлекеттерге чыгуусунда аларга бөгөт коюлушу керек. Салык органдарындагы кызматкерлердин ыйгарым укуктары баркынан тайбоого тийиш. Салык төлөө маданиятын өнүктүрүү багытында болсо, эгерде соода иштеринде контролдук – кассалык машинкалар аркылуу ырасталган чектер сакталса, ошол сатып алууларды жүргүзгөн жеке жактардын өздүк эсептерине кайтырылып бериле турган компенсациялар жагы да такталууда. Бул жакшы жаңылык жарандык көзөмөлдүктү күчөтөт”, - деди Бекболот Алиев.

Андан тышкары, азыркы заманбап уюлдук телефондорго орнотулган соода иштерине тиешелүү тиркемелер колдонулуп жатканын айткан Экономика жана финансы министринин орун басары, - “Аталган мобилдик тиркемелердин контролдук – кассалык машинкалар сыяктуу эле салык кызматы менен электрондук тутумдашуусу бар. Бул жакшы жыйынтыктарды берет”, - деп кошумчалады.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы