Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеш менен Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду

17-11-2021
11:55

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков менен Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Жонгсу Жогорку Кеңеш менен KOICA ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон-Чже, Жогорку Кеңештин Аппаратынын Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Осмонкул Орозалиев катышты.

Алгач Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууга кошкон зор салымы үчүн Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон-Чжеге жана KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Жонгсуга ыраазычылык билдирди.   

Ал эми KOICA кол коюлган Меморандумга ылайык парламенттин IT-инфраструктурасын жаңылоо жана санариптештирүү үчүн 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө Жогорку Кеңешке колдоо көрсөтүүнү көздөөдө. Аталган гранттык долбоор Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан KOICAнын өкүлчүлүгү аркылуу каржыланат.

Иш-чаранын алкагында тараптар аталган долбоорду ишке ашыруу маселелерин талкуулап, мындан аркы кызматташтыктын келечеги тууралуу ой бөлүштү.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы