Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды

23-11-2021
18:03

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин  экономикалык жана  фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында  “Салыктык эмес кирешелер  жөнүндө” мыйзам долбоору    каралды.

Аталган мыйзам долбоору Санариптик министрлиги  тарабынан, байланыш  боюнча  ыйгарым  укуктарды  аткаруу  менен  түздөн-түз  байланышкан доолор боюнча  мамлекеттик  алымдан  бошотуу  максатында иштелип чыккан.

Жыйында,  Мамлекеттик  байланыш агентствосунун директору Талант   Калыков  баяндама жасады.

Баяндамада белгилегендей, депутаттардан  түшкөн сунуштар эске алынып,  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар,  функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн түз байланышкан доолор боюнча алымдардан бошотулат.

Сонунда, мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Жогорку Кенештин  Басма сөз кызматы