Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир пенсионерге иши бар кишилердин 0,8и туура келет

08-12-2021
12:55

“Салык кодексинин жаңы редакциясы элге пайдасы тийген олуттуу документ. Эсеп иштеринин конституциясы, - деп бааласак да болот”, - деген түшүндүрмө берип  Жогорку Кеңеш депутаты Саматбек Ибраев “Парламент” радиосунда болду.

Социалдык чыңалууларды жокко чыгара турган Салык кодексинде жакшы механизмдер бар. Көмүскө экономикадан арылууга да жол ачылат. “Бай жана бактылуу Кыргызстан” концепциясын даярдаганда да салык багытына көңүл бурулган. Пенсия реформасын да кошо караганбыз. Бул чечкиндүү кадамдар менен ишке ашырыла турган жаңылык. Эгер, мезгилден уттуруп жиберсек, 4 – 5 жылдан кийин жалаң пенсионерлердин коому болуп калабызбы? – деген кооптонуу жаралат, - деген депутат, - “Иштеп жаткан 3 адам бир пенсионердин каражатына колдоо көрсөтсө, азыркы абалда бир пенсионерге иши бар кишилердин 0,8и туура келет. Бул чукул ойлонууну, тез жүрүштү талап кылат”, - деп билдирди.

Финтех программасынын позициясы сомдун туруктуулугун түшүрүп жибербегенге жардам берет. Бул жерде сом менен доллардын салмагы эмес, сом менен алтын баасынын таразаланышы талапка төп келет, - деди С.Ибраев.

Эл аралык акча которууларда алтындын чен өлчөмү менен мамиле кылынса, кыйналбаган экономиканын кубатын арттырмак элек. Салык саясатында ар бир ишти салмактап, сапаттуу чечим кабыл ала турган Салык кодексинин жаңы редакциясы элге жеңилдик берет. Буга чейинки Салык кодекси 134 өзгөртүүлөр менен толукталган. Азыр дагы коомчулуктун кеңири көз караштары эске алынып жатат, - деди парламентарий.

Ошондой эле эл өкүлү мыйзамсыз акча жүгүртүүлөрдүн торуна кабылган көлөкөдөгү компаниялардын ишмердүүлүгүнө токтолуп, элди алданбоого чакырды. Финансылык иштердин легалдык түрүндө эсеп мониторинги бар. Ал акча каражатын кайсы булактан алгандыгын ар бир кардардан тактап сураса, криминалдык финансы иштери тез байып кетүү жолдору менен элди жолдон адаштырарын бир топ мисалдар менен түшүндүрүп берди.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы