Советтер союзу ыдыраган мезгилде анын курамында турган ар бир улут өз өзөгүн таанууга тынымсыз аракет кылып, түпкү тарыхына кайрылып баштаган. Ушул багыттын тамырына саресеп салган кыргыз таануу сабагы азыркы учурда Жогоку Кеңеш Аппарат кызматкерлери үчүн өтүп жатат. Бул багытта парламенттин котормо бөлүмүнүн эксперти Нурзат Асанбекова “Парламент” радиосунда болуп, элдик педегогика багытында ой бөлүштү.
“Жасалма интеллект жашообузга кирип келгени, интернет системасы кыргыз тилин дагы түшүнө билүүсү кажет. Анткени, каалайбызбы, каалабайбызбы баары бир заман өнүгүп, жаңы технологиялар өсүп жатат. Кызмат көрсөтүүгө тартылган роботтордун кыргыз тилинде башкарыла турган түрлөрү чыгат”, - дейт кыргыз тили жаатындагы эксперт.
Сырттан келип жаткан баалуулуктарды бүкүлү жутпай, элдик каада – салттарга таянып, өзүбүздү - өзүбүз ичтен таанып, ичтен жаңыланышыбыз керек. Аны заманбап тил менен айтканда “инновация”, - деп түшүндүрсөк болот. Жаңылануу жагдайын түпкүлүгүн тааныган эл гана өнүктүрө алат. Алар эч качан жаман ишке барбайт, - деди Н.Асанбекова.
Кыргыз кыртышына, улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө туура келген билим берүү иштерин илгерилетишибиз керек. Бул жагынан этнопедагогиканын элементтери жардамчы болот, - деген эксперт, - “Балтика боюндагы мамлекеттер өздүк өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүү үчүн жаш муундарга билимди 12 жашка чейин бир гана улуттук тилинде окутуп, андан жогору класстарда предметтик сабактарды орус, англис тилдеринде түшүндүрүүнү салтка айландырышкан. Бул улуттун уюткусун бекемдөө, - дегендик”, - деп билдирди.
Ошондой эле ЖРТ системасы логикага таяна турган болсо, кыргыз тилиндеги грамматиканын монополиясы канчага созулушу керек? Бул ойлоно турган суроо, - деди билим берүү жаатындагы жаңычылдыктарга кайрылган эксперт.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы