Бир топ маанилүү моделдик мыйзам долбоорлорун талкуулаган Санкт – Петербург шаарында өткөн КМШ ПААнын жакындагы 53 – жыйыны Кыргызстан үчүн ийгиликтүү аяктады. Айрыкча, саламаттык сактоо багытындагы профилактикалык иштерди күчөтүү шарттары жакшы натыйжаларды берүүдө, - дейт Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева “Парламент” радиосуна курган маегинде.
“КМШ ПААнын кеңешмеси карап кабыл алган демилгелүү долбоорлордун катарында “Шериктештиктин балдары” форумун уюштуруу идеясы болгон. Ал Кыргызстанга таандык. Убагында, 2019 – жылы балдар форуму биринчи жолу өткөрүлүп, ага ошол кездеги Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзү көзөмөлдүк кылган”, - деп кошумчалады депутат.
А. Алтыбаеванын маалымдашынча, эми алдыда 2022 – жылы балдар форуму кайрадан Ысык – Көл жергесинде өтөт. Андан кийинки 2023 – жылы боло турган балдар форумунун эстафетасы Өзбекстан мамлекетине тапшырылмакчы.
КМШ ПААнын өкүлдөрү Кыргызстандын шайлоо системасында колдонулуп келе жаткан жаңы заманбап технологиялардын артыкчылыктарына, биометрикалык паспорттордун убагында колдонула баштагандыгына кызыгып, жакшы пикирлерин айтып келишет, - деди андан ары сөзүн саясат жаатындагы улаган эл өкүлү.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы