Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары шайланды

12-01-2022
15:56

Бүгүн, 12-январдагы парламент жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын үч орун басарын шайлоо өттү.

Алгач аталган кызмат орундарына депутаттар Исаева Джамиля Кубанычбековна (Ата-Журт Кыргызстан”), Азыгалиев Нурланбек Асанбекович (№ 22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча), Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович (“Ишеним”) жана Примов Улан Бердибаевичтин (№ 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча) талапкерлиги сунушталып, аларды парламенттин бирдиктүү комитети колдоду. Андан соң бул маселе жалпы жыйында талкууланып, жашыруун добуш берилди.

Жыйынтыгында Исаева Джамиля Кубанычбековнага 74 добуш, Сыдыгалиев Нурбек Омурбековичке 74 добуш жана Примов Улан Бердибаевичке 59 добуш берилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары болуп шайланышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы