Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

26-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт

26-01-2022
09:49

26-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Отурум саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында башталат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2022-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө;

2. “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-13459/21) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

3. “2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык ɵнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автомобиль жолунун (Корумду – Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, чыг.№ 27-20178, 18.11.21)  (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Эшимов Акылбек Жусуповичти ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы